Бүгүн, 23-февралда саат 06:37де Тажикстанда күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болгонун Европанын Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Борбордун маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Мургаб аймагына туура келген.
Жер титирөө Кыргызстанда, Пакистанда, Өзбекстанда, Кытайда жана Ооганстанда да сезилген. 23-февралга караган түнү саат бирде Тажикстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз