Кыргызстандын эки коммерциялык банкы Евробиримдиктин санкциялык тизмесине кириши мүмкүн
Европа Биримдиги Кыргызстандын каржы мекемелери — «Керемет Банк» жана «Борбордук Азия Капитал Банкына» карата чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Дүйнөлүк ЖМКлар Европанын тышкы байланыштар кызматынын документине таянып билдиргендей, бул демилге Россиянын кызыкчылыгы үчүн криптоактивдер менен операцияларды жүргүзүү кызматтарын көрсөтүүгө байланыштуу деп айтылууда.
Эгерде бул чаралар бекитилсе, аталган банктарга Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жарандары жана компаниялары менен кандайдыр бир операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. Белгилей кетчү нерсе, бул Евробиримдиктин тажрыйбасында санкцияларды кыйгап өтүүгө каршы аракеттенүү куралы үчүнчү өлкөгө карата колдонулуп жаткан биринчи учур болуп калышы мүмкүн.
Банктык чектөөлөрдөн тышкары, документтин долбоорунда Кыргызстанга товарлардын айрым категорияларын жеткирүүгө тыюу салуу каралган. Чектөөлөр тизмесине төмөнкүлөр кириши мүмкүн:
- металл кесүүчү станоктор;
- үндү, сүрөттү жана маалыматтарды берүү үчүн байланыш жабдуулары (анын ичинде модемдер жана маршрутизаторлор).
Сунушталып жаткан чаралар Евробиримдиктин санкцияларынын жыйырманчы пакетинин бир бөлүгү болуп саналат. Ушундай эле чектөөлөр Тажикстан менен Лаостогу каржы уюмдарына да тийиши мүмкүн. Мындан тышкары, Евробиримдик орус мунайын кайра жүктөп жаткан Грузия жана Индонезиядагы портторду тизмеге киргизүү менен санкциялык кысымды кеңейтүүнү пландаштырууда.
Санкциялардын жаңы пакети Россиядан продукция ташып келүүгө да масштабдуу тыюуларды камтыйт. Чектөөлөр төмөнкү товарлардын импортуна тийиши мүмкүн:
- металлдар (никель, темир рудасы, тазаланбаган жана иштетилген жез, алюминий сыныктары);
- химиялык продукциялар жана чийки заттар (туз, аммиак, кремний);
- башка товарлар (шагыл жана аң териси).
Учурда санкциялар пакети талкуулоо стадиясында турат жана расмий түрдө бекитилиши күтүлүүдө.