Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Кыргызстан менен Франциянын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү каралды
10.02.2026 | 10:40

Кыргызстан менен Франциянын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгү талкууланды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов өзүнүн соцтармагында билдирди.
Самидинов Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай менен жолугушуп, анда тараптар француз авиакомпаниялары тарабынан эки өлкө ортосунда ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карашкан. Сүйлөшүүлөр жарандык авиация жана туризм тармактарындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Манасбек Самидинов «Кыргызстан аэропорттору» эл аралык маршруттук тармакты кеңейтүүгө кызыкдар экенин жана бул багытты өнөктөштөр менен биргеликте практикалык жактан иштеп чыгууга даярдыгын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом