Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Кыргызстандын эл аралык резервдери 6,6 млрд доллардан ашты
12.08.2025 | 13:39

Үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягына карата Кыргызстандын эл аралык резервдери 6 млрд 617,5 млнду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында кабарланды.
Андагы маалыматтар боюнча, июль айында резервдердин ликвиддүү бөлүгү 6 миллиард 545,14 миллион долларга жетти. Бул көрсөткүч июнь айына карата 109,19 миллион долларга көп.
Жылдын башынан бери резервдердин өсүшү байкалып, алар 1 миллиард 529,42 миллион долларга көбөйгөн.
Бул активдер Улуттук банктын өзүндө, ошондой эле башка суверендүү фонддордо же Эл аралык валюта фондунун резервдик фондунда сакталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: Улуттук банк