Кыргызстандын эл артисти, белгилүү актёр Абдыкалык Акматов дүйнөдөн кайтты

25.03.2026 | 12:26

Театр жана кино актёру Абдыкалык Акматов 71 жашында узакка созулган оорудан кийин каза болду. Жакында эле актёрго президенттин жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын Эл артисти» ардактуу наамы берилген. Жарлыкта бул наам маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы жана көп жылдык эмгеги үчүн ыйгарылганы белгиленген.

Абдыкалык Акматов 1955-жылы туулган. Ал жарым кылымдан ашык убакыт театр жана кино тармагында иштеген. Чыгармачылык жолунда «Кербез», «Ак илбирстин тукуму», «Акбаранын көз жашы», «Курманжан датка» сыяктуу тасмаларда жана ондогон спектаклдерде ролдорду жараткан.

2006-жылы маданият тармагындагы иши үчүн мамлекеттик Ардак грамотасы менен сыйланган. Жакындарынын маалыматына караганда, актер акыркы жылдары онкологиялык оору менен алышып келген.

Scroll to Top