Кыргызстандын эмгек сиңирген футбол машыктыруучусу Азаматжан Кадыров 69 жашында каза болду. Бул тууралуу Каракол шаардык мэриясы кабарлады.
Азаматжан Кадыров ФФИКОнун биринчи аткаруучу директору, Футбол федерациясынын Ысык-Көл облусундагы негиздөөчүсү болгон. Анын жетекчилиги астында аталган облустун кыз-келиндер курама командасы Кыргызстандын чемпиондору жана Кыргыз Кубогунун ээлери болушкан.
Reporter.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Азаматжан Кадыровдун көз жумгандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөт.