Кыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышатБишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болдуFreedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтоттуМамлекеттик кызмат Жапониянын стипендиялык программасына катышуучулардын аймагын кеңейтет«Эс алсын, дарылансын» Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирди
Кыргызстандын куралдуу күчтөрү глобалдык дүйнөлүк рейтингде 109-орунду ээледи
26.01.2026 | 13:43
Global Firepower аналитикалык борборунун 2026-жылга карата маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү 145 өлкөнүн арасынан 109-орунду ээлеп, мурунку жылга салыштырмалуу төрт тепкичке ылдыйлады. Баалоо коргонуу бюджетин, өздүк курамдын санын, техникалык жактан жабдылышын жана логистиканы камтыган 60тан ашык критерий боюнча жүргүзүлгөн. Мында Кыргызстандын коргонуу бюджети болжол менен 221,8 миллион долларды, ал эми армиянын штаттык саны 23 миң аскер кызматчысын түзөт.
Аймактын лидери болуп беш тепкичке көтөрүлүп, 53-орунду ээлеген Өзбекстан саналат. Казакстан 58-орунду, Тажикстан — 100-орунду, ал эми Түркмөнстан 78-сапка жайгашты. Глобалдык рейтингде мурдагыдай эле АКШ, Орусия жана Кытай алдыда келе жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом