Кыргызстандын мамлекеттик карызы: Ким канча алды, ким канча төлөдү?

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өлкөнүн мамлекеттик карызы тууралуу маалыматты коомчулук менен бөлүштү.
Анын айтымында, 2025-жылга карата мамлекеттик карыз ИДПга салыштырмалуу 36,9% түзүп, акыркы жылдары олуттуу төмөндөгөн. Мисалы, 2020-жылы бул көрсөткүч 67,6% болгон.
Кыргызстандын тышкы карызынын түзүмү:
• Кытайдын экспорт-импорт банкы – 1,59 млрд доллар;
• Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду – ири кредиторлор катары аталууда.
Орунбеков мурдагы президенттердин тушундагы карыз динамикасын төмөнкүдөй көрсөттү:
• Аскар Акаев – ИДПдан ашкан учурлар болгон;
• Курманбек Бакиев – 70% чейин;
• Роза Отунбаева – 59% чамасында;
• Алмазбек Атамбаев – 67% чейин;
• Сооронбай Жээнбеков – көрсөткүч өзгөрүүсүз калган;
• Садыр Жапаров – учурдагы деңгээл 36,9%га чейин төмөндөгөн.
Төлөм жана бюджет динамикасы:
• 2023-жылы тышкы карызды төлөөгө – 53,1 млрд сом,
• 2024-жылы – 59,9 млрд сом багытталган.
• 2024-жылдагы бюджет профицити – 2,5% түзгөн.
Консолидалган бюджеттин өсүшү:
• 2020-жылы – 230 млрд сом чамасында;
• 2024-жылы – 688,5 млрд сом;
• 2025-жылга болжол – 1 трлн сомдон ашат.
Курулушка каражат бөлүнүшү:
• 2020-жылы – 10 млрд сом;
• 2024-жылы – 110 млрд сом (“Имараттар жана курулуштар” беренеси боюнча).
Ошол эле учурда Орунбеков экономисттердин эскертүүсүнө токтолуп, 2027-жылдан тарта негизги карыз төлөмдөрү жылына 500 млн доллардан ашышы мүмкүн экенин белгиледи. Бул 2010–2020-жылдары алынган насыялардын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу.