Кыргызстандын мектептери 4-класстын окуучулары үчүн англис тили китептеринин жаңы комплекттерин алууда. Алгачкы нускалар Бишкектеги №5 мектепке тапшырылганын Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, окуу материалдарынын комплектине төмөнкүлөр кирет:
158 миң 700 окуу китептери;
158 миң 700 эмгек китепчеси;
Мугалимдер үчүн 4 миң 950 окуу куралы.
Басылма ЮНИСЕФтин жана Улуу Британия элчилигинин колдоосу менен «Окуу китеп» басмасы тарабынан даярдалып, «Учкун» басмаканасында басылды. Окуу китептери кыргыз жана орус тилдеринде окуткан мектептер үчүн иштелип чыккан.
Жаңы материалдар «Алтын казык» билим берүү реформасынын заманбап стандарттарына жооп берип, англис тилин окутуунун сапатын жогорулатууга багытталганы белгиленген.