Кыргызстандын МСКсы чет өлкөдө иштеген ишкерлер үчүн бирдиктүү салыктын ченин он эсеге төмөндөттү
Мамлекеттик салык кызматы өлкө аймагынан тышкары ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр үчүн салыктык жүктөмдүн олуттуу төмөндөтүлгөнүн маалымдайт. Салык кодексине киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, субъекттердин бул категориясы үчүн бирдиктүү салыктын чени 1%дан 0,1%га чейин азайтылды.
2026-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөдө иштеген ишкерлер, анын ичинде мурда жалпы салык салуу системасын колдонгондор да аталган режимге милдеттүү тартипте өткөрүлөт. Жаңы ченге өтүү үчүн салык төлөөчүлөр катталган жери боюнча 2026-жылдын 1-февралына чейин арыз берүүгө милдеттүү. Мында 0,1% чени боюнча милдеттенмелерди эсептөө, белгиленген мөөнөттүн ичинде кайрылуу берилген иш жүзүндөгү датага карабастан, үстүбүздөгү жылдын башынан тартып жүргүзүлөт.
Бул өзгөртүүлөр 2025-жылдын 31-декабрындагы мыйзамга ылайык кабыл алынган. Реформа салыктык администрлөөнү жөнөкөйлөтүүгө, эл аралык бизнести жүргүзүү үчүн ачык-айкын шарттарды түзүүгө жана ата мекендик кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун стимулдаштырууга багытталган. Мекеме жеңилдетилген шарттарды белгилөө кыргызстандык компаниялардын чет элдик рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө мүмкүндүк берерин белгилейт.