Кыргызстандын ТИМи Ирандагы элчилигинин ишин убактылуу токтотту

31.03.2026 | 09:52

КР Тышкы иштер министрлиги «Reporter.kg» басылмасына Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы элчилигинин ишмердүүлүгү убактылуу токтотулгандыгы тууралуу маалыматты расмий түрдө тастыктады.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу ведомство мекендештерге бир катар маанилүү сунуштамалар менен кайрылды.

Иран аймагында жүргөн кыргызстандыктар коопсуздук чараларын катуу сактоолору зарыл:

  • өзгөчө сак болуп, жеке коопсуздугуна кам көрүү;
  • адамдар көп чогулган жерлерден жана кооптуу болушу мүмкүн болгон аймактардан алыс болуу;
  • жергиликтүү бийликтин бардык талаптарын жана буйруктарын кыйшаюусуз аткаруу;
  • жанында ар дайым өздүгүн тастыктоочу документтерин алып жүрүү;
  • мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүн кунт коюп байкап туруу.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ошондой эле республиканын жарандарына кырдаал турукташканга чейин Иранга пландалган ар кандай сапарлардан убактылуу карманып турууну чектөө менен сунуштайт.

Жарандарга дипломатиялык түзүмдөр менен байланышта болуу жана ТИМдин расмий ресурстарындагы маалыматтардын жаңылануусун байкап туруу сунушталат.

Scroll to Top