Кыргызстандын үч спортчусу карьерасында биринчи жолу күрөш боюнча чоңдор арасында Азия чемпиону болушту. Бул тууралуу «Акипресс спорт» жазды.
Алар Жоламан Шаршенбеков (грек-рим күрөшү, 60 килограммга чейин), Тынар Шаршенбеков (грек-рим күрөшү, 63 килограммга чейин) жана Айпери Медет кызы (эркин күрөш, 76 килограммга чейин) алтын медалга ээ болушту.
2022-жылкы Азия чемпионаты 19-24-апрель күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында өттү.