Кыргызстанга Турциядан 351 жаран келди

Кыргызстанга Турциядан 351 жаран келди

Бүгүн, 24-апрелде “Стамбул-Бишкек” чартердик каттамы аркылуу 351 жаран мекенине кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Бул жарандар Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын токтоткон учурдан тартып каттамды күтүп жаткан.

Шатабдын маалыматына ылайык, чартердик каттам 10-апрелдеги Түрк кеңешинин мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ишке ашкан.

Саммиттин учурунда президент  Сооронбай Жээнбеков бардык өлкөлөрдүн уюмдарына кайрылып,  коронавирус пандемиясынан улам  өз өлкөлөрүнө кайтууга мүмкүндүгү жок болгон жарандарга колдоо көрсөтүүнү суранган.

Чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтарып алуу боюнча иштер улантылып жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>