Фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн «i-Dyikan» платформасы ишке киргизилетТөө-Ашууда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилдиЧүйдө жасалма айдоочулук күбөлүк колдонгон жаран кармалдыКоомдук ишмер Бекболот Талгарбеков ИИМге суракка жеткирилдиКамчыбек Ташиев УКМК төрагалыгынан кетиши боюнча билдирүү жасады11-февраль: Көпчүлүк аймактарда жаан жана кар жаайт
Кыргызстанга «Жакшылык миссиясы» программасынын алкагында Россиядан тажрыйбалуу дарыгерлер келишти
18.08.2025 | 17:59

Кыргызстанга «Жакшылык миссиясы» программасынын алкагында Россиядан тажрыйбалуу дарыгерлер келишти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Топтун курамында уролог, жүрөк-кан тамыр хирургу, кардиолог, акушер-гинеколог, нефролог жана травматолог-ортопед бар.
Алар 18–22 август күндөрү дарыгерлер жана медициналык студенттер үчүн мастер-класстарды өткөрүп, лекция окуп, бейтаптарды кабыл алышат.
Маалымат иретинде: Программа 2021-жылдан бери ишке ашырылууда. 2021–2024-жылдары 35 миссия, 10 миңден ашуун адам жардам алган. Кыргызстанга Россиялык дарыгерлер 6 жолу келишкен, 2025-жылы эки жолу келет.
Кыргызстанга күзүндө Россиядан дагы бир топ адистер келери күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар