Кытай 14 күндө коронавирус жуктургандар үчүн оорукана курду — видео
3.02.2020 14:12
Кытайдын Ухань шаарында коронавирустун жаңы түрү менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн жаңы оорукананын курулушу аяктап, ишке берилди. Аталган маалымат Кытайдын борбордук телеберүүсүндө жарыяланганын чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалым болгондой, миң адамга ылайыкталган бейтапкананын курулушу мындан 10 күн мурун башталган.
Соңку маалыматтарга караганда, Кытайдын Ухань шаарынан тараган өпкөнү сезгентүүчү жаңы коронавирустан 304 адам өлүп, 15 миңден ашык адам вирусту жуктуруп алган. Ал эми 25 өлкөдө коронавирустун 100дөн көп учуру катталган.
REPORTER.KG маалымат агенттиги. Бардык укуктар корголгон. Сайтта келтирилген материалдарды көчүрүп алуу басмакананын уруксаты менен жана булакка активдүү гипершилтемени милдеттүү түрдө көрсөтүү менен гана мүмкүн болот.