Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан коридору боюнча биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыкты
Кытайды Борбор Азия өлкөлөрү менен байланыштырган жаңы мультимодалдык транспорттук коридор боюнча биринчи пилоттук жүк ташуучу поезд жолго чыкты. Поезд Ланьчжоу (КЭР) станциясынан козголуп, акыркы пунктка — Душанбе-2 станциясына чейин барат.
Бул тууралуу жөнөтүүнү уюштурган UTK International Logistics биргелешкен ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон «Узтемирйулконтейнер» АКсынын басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи составга 40 футтук сегиз контейнер кирди. Аларда эл керектөөчү товарлар жана курулуш техникасы ташылууда.
- Каттамдын узундугу: 3,5 миң чакырымдан ашык.
- Жолго кеткен убакыт: 18–20 күн.
Поезддин ишке кириши 2025-жылы Душанбеде өткөн жолугушууда Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттери жетишкен макулдашууларды иш жүзүндө ишке ашыруунун этабы болуп калды. Долбоор аймактык кызматташтыкты тереңдетүүгө жана мамлекеттер ортосундагы транспорттук байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.
Бул багыт боюнча ташуулардын үзгүлтүксүздүгүн жана туруктуулугун камсыздоо үчүн «Узбекистон темир йуллари» АКсы («Өзбек темир жолу») атайын тарифтик жеңилдиктерди белгиледи. Бул чечим эл аралык ташуучулар үчүн мультимодалдык каттамдын жагымдуулугун жогорулатууну көздөйт.
Эске салсак, 2025-жылдын жайында Кытайдын Ухань шаарынан Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан багыты боюнча темир жол каттамынын ишке кириши менен аймактын логистикалык тармагы кеңейтилген. Тажикстан аркылуу өтүүчү жаңы коридор Борбор Азияда тармактуу транспорттук инфраструктураны түзүүдөгү кезектеги кадам болууда.