ЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен баратСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлат
Депутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайланды
19.02.2026 | 17:45

Бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында спикердин орун басары Карим Ханджеза өз каалоосу менен ыйгарым укуктарын тапшырды. Ал мындай чечимди жеке жагдайларга байланыштуу кабыл алганын айтып, депутаттарга көрсөтүлгөн ишеними жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Мындан улам парламентте Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында депутат Болот Ибрагимов орун басар болуп дайындалды. Анын талапкерлигин 53 депутат колдогон.
Эске салсак, 12-февралда Нурланбек Тургунбек уулу өз эрки менен Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кеткен. Анын ордуна спикерлик кызматка депутат Марлен Маматалиев шайланды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат