Кыргызстан түрк мамлекеттери менен санариптик экономика боюнча макулдашууну ратификациялайтӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Вашингтонго бардыВенгриядагы шайлоо. Учурдагы премьер-министр Орбан жеңилүүгө учурадыӨнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келди
Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
16.09.2025 | 17:52

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан» эл аралык темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу минКабдын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, убактылуу электр чубалгыларын тартуу жана кирүүчү жолдорду куруу иштери аяктап калды. Азыркы учурда өндүрүштүк объектилерди куруу жана курулуш базасын даярдоо жүрүүдө.
Жыйында коммуналдык инженердик маселелерге — электр, газ жана суу түтүктөрү, телефон кабелдери боюнча өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле жер маселелери жана тиешелүү органдардын милдеттери талкууланды.
Бакыт Төрөбаев бардык иштерди тездетүүнү тапшырды. Атап айтканда:
- инженердик коммуникацияларды өткөрүп берүү;
- курулуш тилкелерин тазалоо;
- зарыл болгон жер участокторун берүү иштерин аягына чыгаруу.