Чуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтотот
Кытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтотот
03.04.2026 | 15:30
Мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесиндеги өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, ишти убактылуу токтотуу демилгеси кытай тараптан келген. Бул Кытай Эл Республикасында белгиленүүчү «Цинмин» маркумдарды эскерүү күнүнө байланыштуу.
Чектөөлөр «Торугарт — автожол» жана «Эркечтам — автожол» өткөрүү пункттарына тиешелүү. Жарандарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2026-жылдын 4-апрели саат 20:00дөн тарта токтотулат.
Аталган көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши 2026-жылдын 6-апрелинен тартып кайрадан кадимки режимде улантылат. Чек ара кызматы жолго чыга турган жарандарды жана жүк ташуучуларды бул маалыматты алдын ала эске алууну суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом