Кытайда Чикунгунья вирусунун 7 миңден ашык учуру катталды

Кытайдын Гуандун провинциясында июль айынан бери Чикунгунья вирусун жуктурган учурлар 7 миңден ашты. Бул тууралуу ВВС Орус кызматы жазды.
Маалыматка ылайык, аталган аймактын бийлиги учурда ыкчам чараларды көрүүдө. Ошондой эле инфекциянын жайылышын токтотууга бардык күчүн жумшарын билдирди.
Калкы 10 миллиондон ашкан, инфекциянын очогу болгон Фошань шаарында ооругандар атайын москит торлору менен жабдылган керебеттерге жаткырылып, бир жума бою же анализдеринен вирус табылмайынча обочолонууда.
“Чикунгунья вирусу адамдан адамга жукпайт, ал чиркейлер аркылуу таралат. Көпчүлүк учурларда анын белгилери вирусту алып жүргөн чиркей чаккандан кийин үч күндөн жети күнгө чейинки мезгилде пайда боло баштайт. Ал дене табынын көтөрүлүшүнө жана муундардын катуу ооруусуна алып келет, айрым учурларда бул белгилер жылдап сакталышы мүмкүн”,- деп айтылат маалыматта.
Кытай бийлигинин маалыматына ылайык, учурда бул илдетке чалдыккандардын баарында жеңил формасы байкалууда жана бейтаптардын 95% бир жуманын ичинде айыгып, үйүнө чыгарылууда.
Белгилей кетсек, Чикунгунья вирусу жаңы вирус эмес. Ал алгачкы жолу 1952-жылы Танзанияда аныкталган, андан кийин Африканын башка аймактарына жана Түштүк-Чыгыш Азияга тараган. Вирус 110 өлкөдө катталган.