ТИМ: Кытайда чет өлкөлүктөрдү онлайн каттоо системасы ишке кирүүдөӨкмөт башчы Адылбек Касымалиев Казакстанга иш сапары менен барат25-мартка карата аба ырайыКыргызстан менен Алтай байланыштарын чыңдоодо: маданий алмашуудан баштап ветеринардык кадрларды даярдоого чейинБыйыл Эгемендүүлүк күнү Талас облусунда белгиленетОливер Стоундун “Атом” даректүү тасмасы И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын энергетикасынын келечеги тууралуу талкууну жаратты.
Кытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашат
12.10.2025 | 14:00

Кыргызстанга Кытайдан көз дарыгерлери келишти. Алар түштүк аймакта жашаган көздүн катаракта, глаукома оорулары менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды жасашат.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, дарыгерлер «Экспресс ден соолук – жаркын саякат» долбоорунун алкагында келишкен. Аларды аэропорттон Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынаын жетекчилиги, көз оорулар бөлүмүнүн дарыгерлери жылуу тосуп алышкан.
11-23 октябрь күндөрү кытайлык дарыгерлер 300гө жакын акысыз операцияларды жасашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом