Кызмат көрсөтүү Кыргызстандын экономикасынын локомотиви бойдон калууда

18.12.2025 | 15:32

Кызмат көрсөтүү тармагы республиканын ички дүң продукциясы түзүмүндө үстөмдүгүн сактап, экономикалык өсүшкө эң чоң салым кошууда. Муну Экономика министрлигинин 2025-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча маалыматтары тастыктады.

Отчёттук мезгилде кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы суммасы 1 трлн 236,6 млрд сомду түзүп, жылдык мааниде 9,3%га өсүштү көрсөттү. Тармакты кеңейтүүгө калктын кирешесинин өсүшү жана активдүү насыялоо менен шартталган ички суроо-талаптын бекемделиши негиз болду.

Январь-октябрь айларында орточо эмгек акы 19,2%га, пенсиянын орточо өлчөмү 5,8%га өстү. Ушул эле мезгилде берилген керектөө насыяларынын көлөмү кескин түрдө 68,2%га жогорулады.

Ушундай шартта тармак үчүн негизги болгон дүң жана чекене соода, унааларды жана мотоциклдерди оңдоо багыты жалпы көлөмдүн 15,1%га, 429,2 млрд сомго чейин өскөнүн көрсөттү. Негизги кыймылдаткыч күч чекене соода болду, ал 16,9%га өскөн.

Башка багыттар да оң динамиканы көрсөтүүдө:

  • Транспорт жана жүктөрдү сактоо: кызмат көрсөтүүнүн көлөмү 10%га, 112,7 млрд сомго чейин өстү. Транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуу 11,9%га (54,4 млн тоннага чейин), жүргүнчүлөрдү ташуу 4,1%га (603,5 млн адамга чейин) көбөйдү.
  • Мейманканалар жана ресторандар: тармак 15,9%га өсүп, 57,5 млрд сомго жетти.
  • Маалымат жана байланыш: кызмат көрсөтүүнүн дүң көлөмү 56,7 млрд сомду түзүп, өсүү темпи 106,1% болду.

Экономика министрлигинин баалоосу боюнча, ИДПны түзүүгө кызмат көрсөтүү тармагынын салымы 4,56 пайыздык пунктту түздү. ИДПны өндүрүү түзүмүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдүн салмагы 49,3%га жетип, анын экономиканын башкы кыймылдаткычы экенин тастыктады.

Scroll to Top