«Кызыл» жана «жашыл китептер» кадастрдык планга алмашат. Эмне өзгөрөт?
Кыргызстанда Жер кодексинин жаңы редакциясы күчүнө кирди. Негизги өзгөрүүлөрдүн бири — көнүмүш болуп калган жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыдан («кызыл китеп») жана убактылуу пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүктөн («жашыл китеп») баш тартуу. Мындан ары укукту күбөлөндүрүүчү жападан жалгыз документ болуп Кадастрдык план саналат. Бул реформа эмне үчүн керек, анын баасы канча жана Мамкаттоого (Госрегистрге) шашылып чуркоо зарылбы? Ушул суроолорду талдап көрөлү.
Жаңы эрежелер тууралуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү Жакшылык Токтосунов менен Талантбек Акматов айтып беришти.
«Кызыл китеп» эмне үчүн жоюлду?
Адистердин айтымында, Бирдиктүү кадастрдык планды киргизүүнүн башкы максаты — коррупция жана бюрократия менен күрөшүү. Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Жакшылык Токтосунов эски система функциялардын кайталанышын шарттап, алдамчылык иштерге жол ачып келгенин белгиледи.
«Бирдиктүү кадастрдык план менчиктин көптөгөн түрлөрү маселесин чечет, келишимдерди түзүүнү жөнөкөйлөтөт жана документти жасалмалоо тобокелдигин азайтат. Мурда кадастрдык план укук күбөлөндүрүүчү макамга ээ эмес болчу, эми ал расмий түрдө объекттин паспорту катары кызмат кылат», — деп түшүндүрдү чиновник.
Жаңы документте объект тууралуу ийне-жибине чейин маалымат камтылат: участоктун номери, жердин категориясы, багыты, так аянты, координаттары, менчик ээси тууралуу маалымат жана эң маанилүүсү — участоктун тарыхы (канча жолу сатылганы) жана чектөөлөрдүн (мисалы, камакка алуу же күрөөдө турушу) бар-жогу.
Эски документтерди шашылыш алмаштыруу керекпи?
Бул жарандарды эң көп түйшөлткөн суроо. Мамлекеттик агенттик: эски «кызыл» жана «жашыл» китептер жарактуу бойдон кала берерин айтып, тынчтандырууда.
«Менчик ээлеринин кам саноосуна негиз жок. Сиздин колуңуздагы документтер участокко болгон укукту башка бирөөгө өткөрүп бергенге чейин юридикалык күчкө ээ. Башкача айтканда, эгер сиз үйдө жашап туруп, аны сатууну же белекке берүүнү пландабасаңыз, документти алмаштыруунун кереги жок», — деп баса белгиледи Жакшылык Токтосунов.
Жаңы Кадастрдык планды менчик ээси алмашкан учурда гана — сатуу-сатып алуу, белекке берүү же алмашуу бүтүмдөрүн жасоодо жаңы кожоюн жасатат.
Ошондой эле, мекемеден Reporter.kg сайтына тастыкташкандай, учурда «Кызыл китепти» даярдоо баскычында тургандарга да дароо кадастрдык план берилет.
Санариптештирүү жана жасалмалоодон коргоо
Мамлекеттик агенттик ишендиргендей, кадастрдык план — бул кыймылсыз мүлктү толук санариптештирүүгө карай ташталган кадам. Документ электрондук форматта «Түндүк» мамлекеттик порталы аркылуу жеткиликтүү болот.
- Бул кантип иштейт: Менчик ээси «Түндүк» тиркемесиндеги «Кызматтар — Мүлк» бөлүмүнө кирет. Эгер документ санариптештирилген болсо, ал санарип айдоочулук күбөлүк же ID-паспорт сыяктуу эле жеке кабинетте көрүнүп турат.
- Сатып алуу алдында текшерүү: Потенциалдуу сатып алуучу объекттин мыйзамдуулугун текшере алат. Тиркеме аркылуу участоктун таржымалын жана анын мыйзамдуулугун билип алууга болот.
- Коргоо: Жаңы план QR-код менен жабдылган, мунун аркасында аны жасалмалоо дээрлик мүмкүн эмес.
- Жоготуу: Эгер сиз пландын кагаз версиясын жоготуп алсаңыз, аны акчага калыбына келтирүүнүн кажети жок — «Түндүктөгү» электрондук версия ошол эле юридикалык күчкө ээ. Аны бекер көчүрүп алса болот (эгер план мурда түзүлгөн болсо).
Баасы канча турат?
Кадастрдык планды берүү кызматы, мурдагы мамлекеттик актыларды берүү сыяктуу эле, акы төлөнүүчү кызмат. Баасы участокту спутниктик сүрөткө тартуу иштери мурда жүргүзүлүп-жүргүзүлбөгөнүнө жараша болот.
- Минималдуу баа: Болжол менен 1400 сом. Бул баа эгер участок так координаттары менен базада бар болсо актуалдуу (эреже катары, бул акыркы 2-3 жылда берилген мамлекеттик актыларга тиешелүү).
- Кошумча чыгымдар: Эгер участок көп убакыт мурун таризделип, заманбап координаттык тутумга байланбаган болсо, адистер ченөө үчүн жерине барууга туура келет. Бул иштер өзүнчө төлөнөт.
Маанилүү жагдайлар
- Жубайлардын укуктары: Электрондук кадастрдык планда титулдук (катталган) менчик ээси гана көрсөтүлөт. Бирок, Мамлекеттик агенттик белгилегендей, бул экинчи жубайдын укуктарын чектебейт, чогуу жашаганда алынган мүлк тиркемеде кимдин фамилиясына жазылып турганына карабастан, мурдагыдай эле Үй-бүлө кодекси менен жөнгө салынат.
- Участокту кантип тапса болот: Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат издөө үчүн жарандар «Darec KG» тиркемесин колдоно алышат. Ачык кадастрдык картадан өз үйүн таап, Кыймылсыз мүлктүн бирдиктүү кодун алып, андан кийин бул кодду «Түндүктөн» маалыматтарды текшерүү үчүн колдонсо болот.
Системада план жок болсо, эмне кылуу керек?
Эгер «Түндүккө» киргенде «Электрондук кадастрдык план түзүлгөн эмес» деген билдирүүнү көрсөңүз, бул маалыматтар али санариптештириле элек дегенди билдирет. Мындай учурда кыймылсыз мүлк менен операцияларды жүргүзүү үчүн Жер агенттигинин жергиликтүү филиалына арыз менен кайрылуу зарыл.