Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Лейлекте имамга унаа белек кылышты
17.01.2024 | 21:29
Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Лейлек айылындагы «Лейлек» мечитинин имамы Марат Кубатбек уулуна аталган айылдын жашоочулары Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты.
Муфтияттын маалыматына караганда, Марат Кубатбек уулу жаш муундарга Куран үйрөтүү жаатында алгылыктуу иштерди аткарууда. Анын шакирттери Куран жаттоо боюнча ар кандай кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар