Лейлекте “Ош электронун” калкты тейлөө борбору ачылды

Лейлекте “Ош электронун” калкты тейлөө борбору ачылды

Баткен облусунун Лейлек районунда “Ош электро” ачык акционердик коомунун калкты тейлөө борбору ачылды. Анын ачылышына Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров катышып келгенин Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Жаңы ачылган калкты тейлөө борбору “Ош электро” ишканасынын  эсебинен курулду. Анда элди негизинен эки адам тейлейт. Мындан тышкары, абоненттерден сунуш жана сын-пикирлерди кабы алган өзүнчө адистер бар. Лейлек электр бөлүштүрүүчү ишканасынын бүгүнкү күндө 24 миңден ашык абоненти бар. Анын ичинен 2 миңге чукулу уюм жана мекемелер”, — деп жазган Назаров.

Ошондой эле Айтмамат Назаров Лейлек электр бөлүштүрүүчү ишканасынын кызматкерлерине энергетика тармагындагы реформалар тууралуу айтып берген.

Муну менен бирге ал чек арага жакын аймактарда  электр энергия менен камсыздоо жаатында кыйынчылыктар бар экенине токтолуп өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>