Лейлекте сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады – видео

Лейлекте сел жүрүп, турак үйлөрдү каптады – видео

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда сел жүрүп, Кара- Булак, Тогуз-Булак айыл аймактарында жана Исфана шаарындагы турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө маалымат министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Исфана шаарынын Дадасиян, Восточная, Строительная көчөлөрүнүн күн чыгыш-түштүк тарабынан жана Жаңы-Конуш участкасына тоолордон келген сел, арыктардан ашып, 10 турак үйгө жана жер төлөсүнө жана 16 турак үйдүн огород участкасын суу каптаган.

Арча-Бешик балдар бакчасынын жер төлөсүнө болжолдуу 2 метр суу толуп калган.

Сумбула айыл аймагынын Кара-Дөбө айылынын Катар участкасына жана Сары-Дөбө айылынын Катар участкасынын 1 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Исфана-Андарак-Көкташ автожолунун 10-27 чакырым аралыгы кум шагылга толтуруп салган.

Самат–Замборуч–Жаркыштак автожолунун 8-27 чакырым аралыгында кээ бир жерлерин сел суулары бузуп кеткен.

Беш-Бала участкасында болжол менен 50 метр сел тосмону сел жууп кеткен.

Ош-Баткен-Исфана автожолу боюнча сел кум, шагылга толтурган автожолдор боюнча маалыматтар такталууда.

Учурда сел каптаган аймактарда кырсык алып келген чыгымдар эсептелип жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ Лейлек районуна  жөнөп кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>