Баткен облусунун Лейлек районунун тоолордун биринде мал сарайда жашынып, иштеп жүргөн чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 18-июлунда Баткен ОИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чарасынын негизинде, Лейлек районунун тоолуу аймактарынын биринде чет өлкөлүк 37 жаштагы Н.А. аттуу жаран аныкталып кармалды.
Ал Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, ушул жылдын 2-июнунан бери Лейлек районунун 64 жаштагы тургуну Б.И.нин мал сарайында жумуш кылып, жан багып жүргөндүгү аныкталды.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Ал эми мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган 64 жаштагы жарандын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.