Чоң-Алай районунун Ленин чокусунда жоголгон орусиялык альпинисттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилигинен билдиришти.
ӨКМден 10 куткаруучу жана Ак-Сай-Тревел туристтик компаниясынан 6 альпинист 4-август күнү орусиялык альпинисттин сөөгүн 6200 метр бийиктиктен табышкан.
Белгилей кетсек, орусиялык алпинист 27-июлдан бери изделүүдө. Буга чейин издөө иштерине тик учак да тартылган.