Маданият министри Улуттук филармониядагы оңдоп-түзөө иштерин көрүп чыкты

22.09.2025 | 16:51

Бүгүн, 22-сентябрда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана анын биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясына барып, жүргүзүлгөн капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, филармониянын жертөлөсүндөгү мурда ижарага берилген 700 чарчы метр аянт толугу менен жаңыланып, жарыктандыруу жана жылытуу системалары оңдолду, залдар керектүү эмеректер менен жабдылды. Бул жайдын бир бөлүгү жаңы түзүлгөн бий ансамблине, экинчиси чыгармачыл топтордун даярдык көрүү аянтчасы болуп пайдаланылат.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын маданий иш-чараларга эркин катышуусу үчүн имаратка атайын пандус, унаа токтотуучу жай жана лифт орнотулуп, колдонууга берилди.

Министр Мамбеталиев филармониянын көрүү залдарында жүрүп жаткан кошумча оңдоп-түзөө иштерин да көрүп чыгып, жакынкы аралыкта мекеменин толук реконструкциясына каражат бөлүнөрүн белгиледи.

Scroll to Top