Маданият министрлиги 27 млн сомду максатсыз колдонуу иши боюнча комментарий берди

26.08.2025 | 16:03

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги Президенттик фонддон бөлүнгөн 27 млн сом мекемелер тарабынан максатсыз пайдаланганын ырастап, расмий маалымат берди.

Министрликтин маалыматында, «Кыргыз Маданият Сервис» мамлекеттик ишканасынын жаңы жетекчилиги материалдык баалуулуктар менен техникалык жабдууларды тактоо ишин жүргүзүп, жыйынтыгында 13,2 млн сом өлчөмүндө жетишпестикти аныктаган.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын прокуратурасы 7,6 млн сом максатсыз пайдаланылганын жана Дене тарбия жана спорт департаменти 6,2 млн сомдук спорттук инвентарларды кымбат баада сатып алганын аныктаган.

Министрлик бул каражаттар 2023-жылы Президенттик фонддон бөлүнгөн 300 млн сомдун алкагында берилгенин тастыктады.

Ошондой эле Маданият министрлиги иликтөө иштерин жүргүзүүдө укук коргоо органдарына толук көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Эске салсак, Бишкек шаардык прокуратурасы аталган министрликке караштуу мекемелерде 27 млн 127 миң 820 сом өлчөмүндө каржылык бузуу болгонун аныктап, коррупция фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Scroll to Top