Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?Онкологиялык бейтаптар химиотерапияны отуруп алууга мажбур — ДжаманбаеваСыргак Кенжебаев массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалдыТергөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча эң көп арыз ИИМге түшкөн — АкыйкатчыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салындыКыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөт
Маданият министрлигинин мекемелерине 27,1 млн сомдук зыян боюнча иш козголду
26.08.2025 | 10:29

Бишкек шаардык прокуратурасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу мекемелерге карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Прокуратурда кабарлады.
Маалыматка ылайык, прокуратура президенттин фондунан бөлүнгөн 300 млн сомдун сарпталышын текшерген. Натыйжада мамлекетке 27 млн 127 миң 820 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды.
Бул факты боюнча коррупция беренеси менен иш козголду. Азырынча иликтөөнүн алкагында жооптуу адамдардын аракеттери териштирилип жатат.
Рубрики: Жаңылыктар