Маданият министрлиги “Эргүүгө айланган кыш” поэзия кечесин өткөрөт

Маданият министрлиги “Эргүүгө айланган кыш” поэзия кечесин өткөрөт

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө карата “Эргүүгө айланган кыш” аталышындагы поэзия кечесин өтө тургандыгын билдирди. 

Поэзия кечеси 10-декабрь күнү саат 11:00дө Өкмөткө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында, ал эми 11-12-декабрь күндөрү саат 11:00дө  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жана Министрликтин ички жоокерлерине өткөрүлөт.

Программада белгилүү акын, жазуучулар жана чыгармачыл адамдар катышып, аны өнөр адамдары коштойт.

12- декабрь “Улуттук адабият күнү” Кыргыз элинин эки залкары – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү менен байланышып, 2011-жылы Кыргызстандын акын, жазуучуларынын демилгеси жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен кабыл алынган.

[su_image_carousel source=»media: 51409″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>