Маданият министрлиги Намыс кодексинин долбоорун коомдук талкууга койду

31.07.2025 | 15:27

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Намыс кодексинин долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Маалыматка ылайык, аталган кодекстин долбоору жарандарга, жаштарга, коомдук ишмерлерге жана жалпы калкка этикалык жана адамгерчиликтүү жүрүм-турумдун үлгүсүн көрсөтүүчү, бирдиктүү моралдык стандарттардын жыйындысы катары иштелип чыккан.

“Кыргыз Республикасынын коомунда акыркы жылдары социалдык жоопкерчилик, өз ара сый-урмат, коомдук адеп-ахлак жана мекенге берилгендик темалары актуалдуу болуп келүүдө. Өнүгүп жаткан демократиялык жана көп улуттуу мамлекет катары Кыргыз Республикасы коомдук жүрүм-турумда мыйзамга ылайык эле эмес, моралдык жана маданияттык ченемдерди да бекемдөөгө муктаж”,- деп айтылат долбоордун негиздеме-маалым катында.

Кодекс кыргыз коомунда төмөнкүдөй маанилүү түшүнүктөрдү жайылтуу жана бекемдөө максатында иштелип чыккан:

  • ар-намысты жана кадыр-баркты сактоо;
  • мамлекеттик символдорго жана тарыхка урмат;
  • улууларга сый-урмат, кичүүлөргө камкордук;
  • жек көрүү, агрессия жана кастыкка каршы сабырдуулук;
  • адептүүлүк, чынчылдык жана калыстык;
  • коомдук ынтымак жана мекенге берилгендик.

Намыс кодексин төмөнкү багыттарда колдонуу сунушталат:

  • билим берүү мекемелеринде тарбиялык иштерде;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин адептик жүрүм-турумунда;
  • жаштар саясаты, аскердик-патриоттук тарбия, массалык маалымат каражаттарында;
  • маданий иш-чаралардын идеологиялык базасы катары;
  • жалпы жарандык активдүүлүктү жана жарандык жоопкерчиликти өнүктүрүүдө.
Scroll to Top