Маданият министрлигине 72 жаңы кичи автобус тапшырылды
Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жаңы автобустардын ачкычын тапшырды.
Иш-чара учурунда Касымалиев жаңы унаалар министрликтин ишмердүүлүгүн жакшыртууга чоң салым кошоруна ишеним билдирди.
«Жаңы автобустар китептерди, жабдууларды, адистерди өз убагында жеткирүүгө, көчмө концерттерди, көргөзмөлөрдү уюштурууга, маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүдө кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзөт деп ишенебиз», — деди өкмөт башчы.
Жалпысынан 72 автобус сатып алынган: алардын 15и — чоң, 57си — кичи класстагы. Бул унаалар 359 миллион сомдон ашуун каражатка алынган.
Маданият министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы транспорт каражаттары өлкө аймагындагы маданият үйлөрүнүн, китепканалардын жана чыгармачыл уюмдардын көчмө ишин камсыздоого жардам берет.