Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров тармактык комитетте “Улуттук коопсуздук боюнча” мыйзамды талкулап жатканда дайым ооз ачып жүргөн жайдан УКМКнын аппараты табылганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Рустам Масадыковго суроо берип жатып билдирди.
“Мен дайым бир жерге барып ооз ачам, мына ошол жерден кондиционерден силердин дагы бир аппаратыңар чыкты. Бул уят эми, маскара… Ошол аппараты менин чөнтөгүмө эле салып бергиле, катуурак сүйлөп берем. Ооз ачкан жерге бирде сөөрүнүн астына, бирде муздаткычка коёсуңар! Кыйналбагылачы садагаларым. Дайым айтамын менин эле чөнтөгүмө салып койгула, 24 саат боюу сүйлөп берем. Ушундай нерселерди кечирип эле жүрө бербестен, ушундай нерселерге катуу жазага тартышы керек. Ким койду ошол жерге, мен эртең маалымат жыйын өткөрүп, баарын көрсөтүп берейин дедим эле… Бул экинчи жолу силердин аппартыңардын кармалышы”— деп кайрылды УКМКнын орун басарына.
Ал эми УКМКнын биринчи орун басары Рустам Масадыков мындай иштерди жасабаарын билдирди.
“Биз сиз менен же дегеле башка жарандар менен мындай аппараттарды коюп, тыңшап, шугулданбайбыз”-деди.
Мадумаров: Анда эмне үчүн коёсуңар?
Масадыков: Аны биз билбейбиз, ресторандын кожоюну бар да, ошондон сураңыз. Бизгше арыз жазыңыз, биз тактап берели.
Мадумаров: Мен эми өзүңөргө арыз жазамынбы?