Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын чемпиону болуу үчүн баарын жасайт. Бул тууралуу анын жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов СПОРТ MIX берүүсүндө билдирди.
Ахметов Акжол Махмудов быйыл Парижде алтын ута албай калганын, бирок Олимпиада оюндарынын эки жолку байге ээси болгонун белгиледи. Ага чейин дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Азия оюндарынын жеңүүчүсү, Азиянын чемпиону болуп. күрөштө ута турган дээрлик бардык медалдарына жеткенин айтты.
Ал Махмудовдо да Олимпиаданын алтынын утууну көксөп жүргөнүн, ал үчүн бардык күчүн жумшай турганын белгиледи.
«Ал Олимпиаданын күмүш, коло байгесин утту. Бирок алтындын ээси болуу кандай экенин сезе элек. Менимче ал да бул сезимге бөлөнгүсү келет. Ал үчүн баарын жасайт деген ойдомун. Бирок андай болбой калса да, Олимпиада чемпиону болуу үчүн баарын жасаганын билип жүрөт. Жарым жолдон токтоп калганга болбойт», — деди ал.
Ахметов Акжол Махмудов максатына жетүү үчүн Токио жана Париждеги Олимпиаданын алдында кандай катачылыктарды кетиргенин түшүнүп, андай каталарды кетирбеши керек деген ойдо.
Белгилей кетсек, Мехрамбек Ахметов Кыргызстандын атактуу балбандарынан бир гана Акжол Махмудовдун машыктыруучусу эмес. Ал Олимпиаданын жана дүйнө чемпионатынын байге ээси, Азия чемпиону Канат Бегалиев, Азия чемпиондору Арсен Эралиев, Каныбек Жолчубеков өңдүү спортчуларды тарбиялап чыгарган.