26-март: Өлкө боюнча күн ачык болотАкысыз концерттер жана кино көрсөтүүлөр: Бишкекте «Франкофония жазы — 2026» фестивалы башталатМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдү
Май майрамдарына карата Панфилов паркы ачылат
30.04.2025 | 09:29
Бишкек шаарынын мэри май майрамдарына карата Панфилов паркын ачууну тапшырды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле парктын администрациясына дагы үч ай иштөөгө уруксат берилди. Муну менен бирге аттракциондорду талапка ылайык иштетүү, көрктөндүрүү, бардык санитардык нормаларды сактоо шарттары коюлду.
Эске салсак, 31-март күнү Панфилов сейил багындагы иштеп жаткан аттракциондордун биринен 19 жаштагы туулган кыз кулап кетип, оор жаракат алып, ооруканага түшкөн. Бул окуядан улам 1-апрелден тарта парктын бардык механикалык аттракциондорунун иши убактылуу токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом