Эртең эртең менен Кыргызстанга Омандан алгачкы эвакуациялык каттам келет«Сабыр» жана суахили: Кыргызстан африкалык сүйүүнү кантип тосуп алды?БАЭнин фондулук биржалары ишин кайра жанданттыМай айы окуяларга бай болот: “Кыргызстан аэропортторунун” жетекчиси кара тизмеден чыгуу, 25 млн доллар сарпталган реконструкция жана Burger King тууралууЧүй облусунда президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү алмашты2026-жылы Кыргызстанда 6,2 млрддан ашык сомго 75 кайра иштетүүчү ишкана ачылат
Кыргызстанда электр энергиясынын баасы көтөрүлдү
01.05.2025 | 10:27
Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда 2025–2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө токтомго кол койду. Токтом бүгүн, 1-майдан тарта күчүнө кирди.
Ага ылайык, өлкөдө электр энергиясынын баасы 26 тыйынга кымбаттап, 1 кВт саат электр энергиясынын наркы 1 сом 37 тыйынга чыкты. Ал эми 700 кВт сааттан ашкандан кийин 2,60 сомдон эсептелине баштайт.
Ал эми электр энергиясын өнөр жай үчүн колдонгондор бүгүндөн баштап 3 сом 49 тыйын төлөшөт.
Өкмөт бул токтом тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү электр менен үзгүлтүксүз жабдуу, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында кабыл алынганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом