Майлуу-Суу шаарында 8 жашар кыз зордукталды

Майлуу-Суу шаарында 8 жашар кыз зордукталды

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 8 жаштагы кыз зордукталганы айтылууда. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-сентябрь күнү 8 жаштагы кыз жыныстык мүчөсүнөн кан аккан абалда тез жардам кызматы аркылуу ооруканага түшкөн.

Аталган факты Жазык кодексинин 161-беренеси (“Зордуктоо”) менен катталып сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Майлуу-Суу шаарынын тургуну кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

26-октябрда аталган кылмыш иши толук кандуу тергелип бүтүп, шектүүнүн жасаган аракеттери толук далилденип, соттун кароосуна жиберилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>