Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Максым ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын катарына кирди
10.12.2025 | 17:43

Кыргыздын салттуу суусундугу максымды даярдоонун салттуу билими ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди.
Мындай чечим бүгүн, 10-декабрда, Индиянын борборц Нью-Делиде өтүп жаткан материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча Мекемелер араылк комитеттин 20-сессиясында кабыл алынган. Максымды аталган тизмеге киргизүү боюнча арыз ЮНЕСКОнун катчылыгына 2023-жылы берилген.
Буга чейин да Кыргызстандын маданиятынын элементтери ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын катарына киргизилген. Алардын арасында «Манас, Семетей, Сейтек» үчилтиги, акындык өнөр, айтыш, боз үйдү жасоо, ала кийиз жана шырдак жасоо өнөрлөрү, Көчмөндөр оюндары, көк бөрү улуттук оюну сыяктуу 16 маданий мурас бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият