Мал чарбачылыгынан азык-түлүккө чейин: Кыргызстан менен Түштүк Корея жаңы биргелешкен демилгелерди даярдоодо

10.03.2026 | 11:24

9-мартта «Ынтымак Ордодо» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангже менен жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын жигердүү өнүгүп жатканын ырасташты. Кыргызстандын тармактык министрлиги менен Корея Республикасы буга чейин жемиштүү кызматташып келген төрт негизги багытка өзгөчө көңүл бурулду:

  • мал чарбачылыгы;
  • үрөнчүлүк;
  • азык-түлүк коопсуздугу;
  • суу ресурстарын башкаруу.

Жолугушуунун катышуучулары аталган тармактарда жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн деталдуу түрдө карап чыгышты.

Диалогдун маанилүү темасы эки тараптуу документтердин топтомун даярдоо болду. Аларды үстүбүздөгү жылы өтө турган жогорку деңгээлдеги ири эл аралык иш-чаранын алкагында кароо пландаштырылууда.

Жолугушууга ошондой эле Кореянын Кыргызстандагы өнүктүрүү институттарынын жетекчилери: KOICA өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Со Йон жана Кореянын айыл чарбасы боюнча эл аралык программалар борборунун (KOPIA) директору Кванг Сог Чу катышты. Алар көптөгөн долбоорлордун ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы үчүн ыраазычылык билдиришип, кыргыз тарап менен мындан аркы тыгыз иштешүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Эрлист Акунбеков менен Ким Квангже конструктивдүү диалогду улантуу жана эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Scroll to Top