Мамкаттоо: Жаңы ID-карталардагы даректерди онлайн текшерүү кызматы ишке кирди

Мамкаттоо: Жаңы ID-карталардагы даректерди онлайн текшерүү кызматы ишке кирди

Ушул жылдын 24-мартынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы ID-карталардагы даректерди онлайн текшерүү кызматтын ишке киргизди. Аны portal.srs.kg сайты аркылуу жөнгө салат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай иш-чара шаар, райондодогу санитардык-эпидемиологиялык посттордун киргизилгендиги менен байланыштуу болгон. Посттор ыкчам түрдө жайгаштырылгандыктан, убактылуу киргизилген кызмат даректерди интернетке туташылган уюлдук телефон аркылуу текшерүүгө мүмкүн. Бул үчүн ПИН жана ID-карта номурларын терүү керек.

Киргизилген бул иш-чаралар убактылуу. Учурда санариптик ID-карта жана айдоочулук күбөлүк долбоору иштелип жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>