Мамлекетке 5 млн 699 миң сом зыян келтирилген. Кочкордо айыл аймактын мурдагы башчысы кармалды

Нарын облусунун Кочкор районундагы Ормон-Хан айыл аймагынын мурдагы башчысы А.Б.К. мамлекеттик сатып алуулардагы мыйзам бузууларга айыпталып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын корутундусуна ылайык, 2025-жылы аталган айыл аймагында мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдардын талаптары бузулган.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке 5 млн 699 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. 31-мартта А.Б.К. кармалып, Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.