Мамлекеттик башкаруу реформасынын экинчи этабы аймактарды камтыйт жана жергиликтүү жетекчилердин бизнес алдындагы жоопкерчилигин күчөтөт

16.01.2026 | 10:27

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылтуунун кийинки этабына өтүү боюнча кеңешме өткөрдү. Реформанын негизги максаттары катары калк үчүн мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана аймактарда ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүү аныкталды.

Өкмөт башчысы 2025-жылы борбордук мамлекеттик органдардын деңгээлинде ишке ашырылган өзгөртүүлөрдүн биринчи этабынын жыйынтыгын чыгарды. Бул мезгилде ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү кеңейтилип, бир катар жол-жоболор жөнөкөйлөтүлгөн жана ведомстволордун кайталануучу функцияларын жоюу боюнча иштер башталган. Адылбек Касымалиев борбордук реформалардын натыйжалуулугу алардын жер-жерлерде ишке ашырылышынан түздөн-түз көз каранды экенин баса белгиледи. Буга байланыштуу бюрократиядан арылтуунун экинчи этабы аймактык деңгээлге багытталат, ал жакта көп учурда ашыкча тоскоолдуктар сакталып, чечим кабыл алуу мөөнөттөрү созулуп кетүүдө.

Жаңыланган саясаттын алкагында район акимдери жана жергиликтүү администрациялардын жетекчилери жүктөлгөн милдеттердин сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Уруксат кагаздарын берүүдө «бирдиктүү терезе» принцибин толук кандуу киргизүү жана бизнести текшерүүнүн ачык-айкындуулугун камсыздоо милдети коюлду. Өкмөт экономиканын реалдуу секторунун ичинде ишкерлер менен түз диалог куруу аркылуу мамлекеттин ролун «көзөмөлдөөчүдөн» «өнөктөшкө» алмаштырууну көздөөдө.

Реформанын негизги куралы болуп борбордо да, жер-жерлерде да административдик процесстерди санариптештирүү саналат. Жаңы механизмдерди иштеп чыгуу үчүн пилоттук долбоор ишке киргизилип, ага Токмок жана Нарын шаарлары, Ноокат, Баткен жана Түп райондору, ошондой эле Жалал-Абад жана Талас облустары катышат. Долбоорду институционалдык коштоону жана бийлик органдарынын ортосундагы координацияны Президентке караштуу Улуттук стратегиялык демилгелер институту Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен биргеликте камсыздайт.

Кеңешменин жыйынтыгы менен тармактык ведомстволордун жана жергиликтүү администрациялардын жетекчилерине ченемдик базаны оптималдаштырууну тездетүү жана жер-жерлерде административдик жол-жоболорду кыскартуу боюнча тапшырмалар берилди. Иштин натыйжалуулугунун негизги критерийи болуп ашыкча жөнгө салуунун жоктугу жана жарандар менен бизнестин актуалдуу маселелерин чечүү ылдамдыгы саналат.

Эске салсак, масштабдуу бюрократиядан арылтуу боюнча чараларды ишке ашыруу 2025-жылдын мартында башталган. Реформалардын биринчи топтому негизинен борбордук мамлекеттик органдарга тиешелүү болуп, маалымкаттарды берүүнү «Түндүк» системасы аркылуу санариптик форматка өткөрүүнү, юридикалык жактарды жоюуну жөнөкөйлөтүүнү, ошондой эле ведомстволорго башка министрликтердин маалымат базаларында бар маалыматтарды талап кылууга тыюу салууну камтыган. Мындан тышкары, мыйзамдардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн өлкөнүн кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жыштыгын жылына бир жолу менен чектеген ченем бекитилген.

Scroll to Top