Джетыбаев Нуртазин Алымкулович Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Джетыбаев Конституциянын 71-беренесине ылайык дайындалды.
Президенттин дагы бир жырлыгы менен Токтомамбет Сатышов башка ишке өткөңдүгүнө байланыштуу аталган мамлекеттик агенттиктин директору кызматынан бошотулду.