Мамлекеттик тилди билүү текшерилбейт. Эдил Байсалов келе жаткан шайлоо тууралуу билдирүү жасады
Келе жаткан парламенттик шайлоодо депутаттыкка талапкерлердин мамлекеттик тилди билүүсү текшерилбейт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов экинчи Кыргыз-Орус билим берүү форумунда билдирди.
«Бүгүн эртең менен парламентте биздин кезексиз шайлоолор боюнча талкуу өтүп жатат, жана шайлоого катыша турган депутаттыкка талапкерлерге мурда каралгандай мамлекеттик тилди билүү боюнча тестирлөө жүргүзүлбөйт. Мамлекетибиздин жетекчилиги келечектеги парламент биздин көп улуттуу элибиздин өкүлү болоруна дагы бир жолу ишенимин билдирет», — деди Байсалов.
Эске салсак, Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таратуу маселеси боюнча демилгечи топ түзүлгөнү кабарланган. 16-сентябрда парламентте Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуу демилгесин колдогон депутаттардын тизмеси жарыяланган. Анын ичинде вице-спикерлер Нурланбек Азыгалиев жана Нурбек Сыдыгалиев, ошондой эле ар кандай фракциялардын өкүлдөрү бар.