Мамытов: 5-6-октябрдагы окуялардан сабак алып, президенттик шайлоону таза өткөрүү керек

Мамытов: 5-6-октябрдагы окуялардан сабак алып, президенттик шайлоону таза өткөрүү керек

Бүгүн, 24-декабрда, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Талант Мамытов мамлекеттик органдардан таза жана ачык-айкын шайлоо процессин камсыз кылууну талап кылды.

Жыйында президенттик шайлоо өткөрүү учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси, ошондой эле Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштамалар каралды.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу өз сөзүндө 2020-жылы Кыргызстан бүтүндөй дүйнө жүзүндөй эле кыйын жана трагедиялык окуяларга туш болгондугун белгиледи.

Мамытов коронавирус инфекциясынын пандемиясы мамлекеттик башкаруунун айрым чөйрөлөрүндөгү, анын ичинде, саламаттык сактоо системасында орун алган көйгөйлөрдү, мезгил талабына ылайык, бул системага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын ачыктагандыгын баса белгиледи.

Талант Мамытов азыркы учурдагы негизги милдеттердин бири — президенттик шайлоону жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоочу референдумду өткөрүү экендигине токтолду.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу бул иш-чараларда эл өз келечегин тандай турганын айтып, тиешелүү мамлекеттик органдарды өз милдеттерине жоопкерчилик менен мамиле жасоого чакырып, мыйзам чегинде гана иш алып барууну талап кылды.

Талант Мамытов белгилегендей, 5-6-октябрь күндөрүндөгү парламенттик шайлоонун адилетсиз жыйынтыгынан улам элдик толкундоолорго жана бийликтин алмашуусуна алып келген окуялардан сабак алуу керек.

Президенттин милдетин аткаруучу эл чоң өзгөрүүлөрдү күтүп жатканын, андыктан президенттик шайлоо жана референдум таза жана ачык-айкын өтүшү керектигин, президенттикке талапкерлердин баарына бирдей талаптарды коюу зарылдыгын билдирди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>