«Манас» аэропорту Кыргызстан боюнча туруктуу жүргүнчү ташуу авиакаттамдарын тейлөөнү жандантууда

«Манас» аэропорту Кыргызстан боюнча туруктуу жүргүнчү ташуу авиакаттамдарын тейлөөнү жандантууда

«Манас» эл аралык аэропорту» Кыргызстан боюнча туруктуу жүргүнчү ташуу авиакаттамдарын тейлөөнү жандантууда. Бул тууралуу аталган аэропорттун коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Узакка созулган карантинден кийин 8-июнда, Бишкек–Ош–Бишкек каттамы боюнча алгачкы ички авиарейстер тейленди. Жүргүнчүлөрдүн жалпы саны – 208.

«Республикалык Штабдын жана Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларына ылайык, «МЭА» ААКтын өлкөдөгү бардык ири аэропортторунда жүргүнчүлөрдүн жана тейлөөчү кызматкерлердин күчөтүлгөн коопсуздук чаралары кабыл алынды. «МЭА» ААК бардык жүргүнчүлөрдү сунушталган алдын алуу чараларын сактоону өтүнөт жана Кыргызстандын бардык аэропортторундагы терминалдарга кирүү коргоо беткаптары жана авибилети менен гана уча турган жүргүнчүлөр кире аларын эскертет. Бардык жүргүнчүлөр кирерде автоматташтырылган термометриядан жана дезинфекциялык тоннелдерден өтөт», — деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле аэропорттордун имараттарында социалдык аралыкты сактоо боюнча белгилер бар. Авиабилеттерди сатып алуу үчүн жүргүнчүлөр авиакомпаниялардын өкүлчүлүктөрүнө күн мурун кайрылуусу керек.

5-майда аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын (ИАТА) маалыматы боюнча 2020-жылдын апрель-май айларындагы каттамдардын саны 2019-жылдын апрелине салыштырганда 90%га азайган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>