«Манас» аркылуу өтүүчү жол: Бишкек мэриясы талашка түшкөн трасса кайсы жерден өтөрүн көрсөттү

13.04.2026 | 18:51

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана вице-мэр Рамиз Алиев күн мурун көчмө жыйын өткөрүп, анын жүрүшүндө Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин аймагы аркылуу Миңжылкыев көчөсүн узартуу маселесин талкуулашты.

Эскерте кетсек, буга чейин муниципалитеттин басма сөз кызматы «Жал» кичи районундагы Тыналиев көчөсү менен Айтматов кең көчөсүн бириктире турган унаа жолу куруларын билдирген. Аткаминерлердин белгилөөсү боюнча, бул Бишкектеги транспорттук тыгындарды бир топ азайтууга шарт түзөт.

Бул маалымат чыккандан кийин университеттин студенттери, кызматкерлери жана бүтүрүүчүлөрү мэриянын демилгесине каршы чыгышып, социалдык тармактарда петиция жарыялашкан.

Жекшемби күнү мэр менен вице-мэр түз эфирдин жүрүшүндө муниципалитет жолду кайсы жерден салууну көздөп жатканын ачык көрсөтүп беришти.

Рамиз Алиев белгилегендей, ал аймакта мурунтан эле жол бар, бирок ал колдонулбайт. Анткени жолдун бир тарабы көп кабаттуу үйдүн өз билемдик менен орнотулган тосмосу менен, ал эми экинчи тарабы университеттин шлагбауму менен тосулуп калган.

Аткаминерлер ЖОЖдун кампусуна зыян келтирилбейт же ал бузулбайт, ошондой эле айдоочуларда «Манас» университетинин өзүнүн аймагына кирип кетүү мүмкүнчүлүгү болбойт деп билдирип, жарандарды тынчтандырууга аракет кылышты.

Жашыл бак-дарактарга келсек, алар анча көп эмес болгондуктан, куруу пландалып жаткан жолдун жанында бак-дарактар кыйылбайт.

Мэрия эсептегендей, жаңы жолдун ачылышы учурда кызуу маалда – эртең менен шаарга кирүүдө жана кечинде шаардан чыгууда катуу тыгын жаралып жаткан Түштүк магистралдын жүгүн жеңилдетүүгө шарт түзөт.

Жаңы каттам «Жал» кичи районунун жана «Арча-Бешик» конушунун тургундарына Түштүк магистралга чыкпастан эле каттоого мүмкүнчүлүк берет.

Муниципалитеттин өкүлдөрү шаардыктардын белгилүү бир бөлүгүнүн гана эмес, жалпы тургундардын пикирин эске алуу үчүн коомдук добуш берүү өткөрүүнү сунушташты.

Scroll to Top