Манас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулду

Кечээ, 11-октябрда, Манас (мурдагы Жалал-Абад) шаарындагы Аюб-Тоого орнотулган «Манас» стеласынын ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Манас шаардык кеңешинин депутаттары, Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана шаар тургундары катышкан.
УКМК төрагасы шаар тургундарын шаардын жаңы аталышы менен куттуктап, жаңы Манас шаарынын аталышы элдердин патриоттук сезимдерин күчөтүп, улуттук баалуулуктарды даңазалоого, тарыхый мурастарды урматтоого жана жаш муундардын мекенчил рухта тарбияланышына өбөлгө болоорун белгилеген.
“Жаңы «Манас» жазуусу түшүрүлгөн стела мурунку «Жалал-Абад» жазуусунун ордуна орнотулуп, ал шаар кире беришинен көрүнүп турган символикалуу белги катары кызмат кылат. Стела демөөрчүлөр тарабынан курулду”,- деп билдирди шаар мэриясы.